Ар бир төртүнчү мыйзам бузуу милиция тарабынан катталат. Графика

Былтыркы жылы милиция кызматкерлери тарабынан 7 369 мыйзам бузуу катталган. Көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 450 учурга көп. 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин  ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары Конок Өскөнбаев жергиликтүү маалымат агенттигине расмий түрдө билдирди.

Ички иштер министрилигинин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, 2018-жылы Кыргызстан боюнча жалпы 26 миң 553 мыйзам бузуу катталган. Ал эми  бул көрсөткүч 2017 жылы 27 706 болгон.  Бул маалыматты биз Улуттук статистика комитетинин расмий сайттынан алдык.

Эми экинчи статистикага көңүлүңүздөрдү буралы. Конок Өскөнбаевдин маалыматы боюнча 2018-жылы 7 369 мыйзам бузуу милиция кызматкерлери тарабынан болгон,  2017-жылы бул көрсөткүч 450 мыйзам бузуу фактысына аз болгон.

Жөнөкөй математикалык ыкмалар менен эсептеп көрсөк, 2017-жылы 365 күн, 2018-жылы 365 күн болгон. Бул көрсөткүчтөргө таянып, 2017-жылы жана 2018-жылы ар бир күндө милиция кызматкерлери тарабынан 20га жакын мыйзам бузуу катталган. Бул орточо көрсөткүч.  Же башкача айтканда жалпы мыйзам бузууларды эске алсак, ар бир төртүнчү мыйзам бузуу укук коргоочулар тарабынан болгон.

2017-жылыдагы Кыргызстан боюнча катталган мыйзам бузуулар боюнча төмөнкү графикадан таанышыңыз

 

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жыл ичинде ар кандай тартип бузуулар боюнча 5811 кызматкер тартиптик жазага тартылышкан. Алардын ичинен 71 кызматкер тартипти одоно бузгандыгы үчүн ИИОнун кызматынан бошотулса, 205 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*