Балбан Акжол Махмудов олуттуу жараат алды

Балбан Акжол Махмудов олутту жараат алды. Учурда дарылануу үчүн Германия менен сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Бүгүн бул тууралуу “Кыргызстан” фракциясынын отурумунда спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов билдирди.

Махмудовдун даарылануусуна 1,5 млн сом керектелет. Бул каражатты мамлекеттик агенство каржылайт.

Биз Акжолдун атасы менен сүйлөшүп, даарыланууга кеткен бардык чыгымын төлөйбүз. Балбан 6 айда жакшы болоору күтүлүүдө” – деп билдирип, Махмудов алдыдагы олимпиадалык оюндарда көп ийгиликти жаратаарын айтты.

2018-жылы июнь айында Тайбэйде өткөн жаштар арасындагы грек-рим күрөшүндө Азия чемпиондугунда Акжол Махмудоав алтын медаль тагынган. Ал үчүнчү ирет катары менен Азия чөлкөмүндө мыкты балбанчы болгон.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*