IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун стратегиясы иштелип чыкты

2020-жылы Түркияда өтчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын стратегиясы иштелип чыгып, анын долбоорун дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы менен Түрк Кеңешинин жетекчилери талкулашты. 

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган, Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдат Амреев жана Кеңештин жетекчилери катышкан иш чараны Стамбул мэриясынын жаштар мажлиси уюштурган.

Эрдоган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшү темасында Түрк Кеңеши менен кызматташып иштөөгө кызыктарлыгын билдирди жана стратегия ар тараптуу каралып кабыл алынаарын айтты.

Эрдогандын белгилөөсүндө, Түркия IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эл аралык деңгээлде масштабдуу жана мыкты даярдыкта өткөрүүгө иш пландар бекитилет.

Көчмөндөр оюну эки жыл сайын өткөрүлөт. 2014-жылдан бери башталган көчмөн оюндары 3 ирет Кыргызстанда өтүп келген.

2018-жылы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында сүйлөп жатып, келээрки иш чара Түркияда болорун расмий билдирген.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*