Мамлекеттик компания жетекчилеринин айлыгы 70 миң сомго кыскарат

Мамлекет  каржылаган компаниялардын жетекчилеринин маяналарынын баасы 70 миң сомго кыскартылышы мүмкүн. Бул боюнча “Республика – Ата Журт” фракциясынын отурумунда вице-премьер-министр Замирбек Аскаров билдирди.

Анын айтымында, учурда өкмөт мамлекеттик компаниялардын чыгашасын карап чыгууда.

«Кээ бир мамлекеттик компаниялардын жетекчилеринин маянасы 300 миң сомдон 500 миң сомго чейин жеткен. Алардын маянасын 100 долларга чейин кыскартууну пландап жатабыз. Биз эмнеге жеке менчик банктарды каржылашыбыз керек? Ипотекалык компаниялардын акчасы мамлекеттик банктар аркылуу берилиши керек. Алардын колдоосу менен биз акчаларды 4 эмес, 3 процентте бермекпиз” – деп айтты вице-премьер-министр.

Ал эми мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун берген маалыматында Кыргызстандагы мамлекеттик компаниянын жетекчисинин эң көп айлыгы 98,5 миң сомго жетет.

Мүлктү башкаруу фондунун алдында 99 мамлекеттик компания менен иштейт. Алардын башчылары 7,6 миң сомдон 98,5 миң сомго чейин маяна алышат.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*