Сасык тумоо боюнча абал кандай? Министрлик үн катты

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) боюнча абал туруктуу экиндигин саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

Министрликтин маалыматы караганда, былтыр ушул мезгилге чейин сасык тумоо жана КРВИ боюнча 4783 учур катталса, быйыл жыл башынан бери 4800 оору катталган.

2019-жылдын  алгачкы үч жумасынын ичинде сасык тумоого 256 бейтаптын анализи лабораториялык изилдөөгө берилген. Анын ичинен 108и сасык тумоого чалдыккан ырасталган. Ал көрсөткүч 42,1%ды түзөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоо жана КРВИ боюнча эпидемиологиялык абал көзөмөлгө алынарын билдирет жана жарандарды жугуштуу оорулардан сак болууга чакырат.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*