Кыргызстандын футбол федерациясына жаңы жетекчи шайланды

Кыргызстанда футбол федерациясынын жетекчиси алмашты. Ага мурун жетекчинин орун басары болуп иштеп келаткан Канатбек Маматов шайланды.

Бүгүн 9-февраль күнү Кыргызстандын футбол федерациясынын кезексиз жыйыны өтүп,  биринчи кезекте Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султановдун кызматтан кетүүсү боюнча чечим кабыл алынды. Буга чейин анын кызматтан четтетилүүсү тууралуу айтылып келген эле. Ал эми 10-январда Султанов өз каалоосу менен отставкага кеткен болчу.

Андан соң жыйындын катышуучулары федерациянын жаңы президенттин  шайлашты. Бул кызматка жалгыз талапкер катары аталган федерациянын вице-президенти жана Кыргызстандын футзал ассоциациясынын президенти Канат Маматов көрсөтүлгөн. Анын талапкерлиги бир добуштан колдоого алынды.

Канат Маматов Кыргызстандын Футбол федерациясынын үчүнчү президенти болуп шайланды. Бул кызматты ал 2023-жылга чейин аркалайт.

Белгилей кетсек, Семетей Султанов федерациянын президенти болуп 2012-жылы шайланса, 2017-жылы ушул эле кызматка экинчи жолу шайланган эле.

 

 

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*