
Башкы прокуратура билим берүү жана илим министрлиги китептерди басып чыгарууга мыйзамсыз 32 миллион 749 миң сом коротконун аныктады.
Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиргендей, “БК” компаниясы жаңы окуу китептерин келишимдеги бир нече шарттарды бузуп даярдаган. Жыйынтыгында 2018-жылы сапатсыз жана талапка жооп бербеген китептер басылып чыккан.
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга «Билим берүү тармагындагы реформаны колдоо» долбоору аркылуу грант жана насыя түрүндө 16,5 млн доллар бөлүп берген. Бул сумманын 4 млн 168 миң доллары 5-6-класс үчүн окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга жумшалган.
Учурда бул факт кылмыштарды каттоо боюнча реестрге жазылып, текшерүү иштери башталды
Оставьте первый комментарий