
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мектепке барбай жүргөн окуучулар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын маалымат кызматы кабарлады.
Милиция «Селсаяк» аттуу ыкчам алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн рейд уюштурган. Рейд өткөргөн жумушчу топко аймактагы прокуратурадан, социалдык коргоо башкармалыгынан, билим берүү тармагынан, милициядан өкүлдөр киришкен.
Алдын алуу иш чаранын максаты мектепке барбай, түнкүсүн кумар оюндарын ойногон, көчөдө дейдичилик кылган, кайырчылык кылып, мечиттерде түнөп жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо болгон.
Рейддин жүрүшүндө базарда соода кылган 7-класста окуган эки окуучу кыз табылган. Алардын бири дүкөндө спирт ичимдиктерин сатып жатканы аныкталса, экинчиси базарда соода кылып жатканы ачыкталган.
Ошондой эле сабак учурунда тоок сатып жүргөн бир 9-класстын окуучусу, мал базарда көзөмөлсүз жүргөн 7- класстын эки окуучусу табылган.
Аныкталган окуучулардын ата-энелерине алдын алуу иштерин жүргүзүүгө жана балдарды жана үй бүлөнү колдоо борборлоруна сунуштамалар жиберилген.
Оставьте первый комментарий