Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандар кайтарылды

Кыргызcтандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Нигериянын жарандары аныкталды. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиргендей, 6-февралда «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргызстандын жасалма электрондук визасын колдонуп, чек арадан өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалды. Алар нигериялык 1979-жылы туулган  Икене Анайо жана 1997-жылы туулган Карим Ахмед Оламилекан аныкталган.

Текшерүү учурунда кармалган жарандар колдонгон Кыргызстандын электрондук визасы жараксыз экендиги аныкталган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында алар өз мекенине кайтарылган.

Учурда тышкы мигранттарды каттонун бирдиктүү системасынын 2-этабын ишке киргизүү пландаштырылууда.  Бул система тышкы миграцияны натыйжалуу көзөмөлдөөгө, өлкөдөгү миграциялык кырдаалды анализ кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*