Кадамжайда үй буюмдарын уурадаган жаран кармалды

Баткендин Кадамжай районундагы Орозбеков айылында 200 мин сомдук буюмдарды уурдаган шектүү жаран кармалды. 

ИИМдин маалымат кызматынан билдиргендей, шектүү өткөн жылдын ноябрь айынан бери Орозбеков айылындагы үйдөн тиричилик буюмдарын үй ээси жоктугунан пайдаланып уурдап жүргөн.  

Милиция шектүү катары ошол эле айылдын 28 жаштагы А.Т. аттуу тургунун Бишкек шаарында качып жүргөн учурда кармаган.

Учурда шекүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 

Автор Т-медиа 11675 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*