Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия биринчилигине катышат

Кыргызстандык тогуз жөө күлүк Иранда өтө турган жеңил атлетика боюнча Борбор Азиянын биринчилигине катышат.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиргендей, чемпионат 19-февралдан 23-февралга чейин жабык имаратта өткөрүлөт.

Мелдешке бара турган кыргызстандык жөө күлүктөрдүн тизмеси:

Анна Буланова, 25 жашта;

Гүлшанай Сатарова, 27 жашта;

Эркинбек Шеров, 23 жашта;

Кирилл Сарасов, 21 жашта;

Шахзат Садыкжан уулу, 22 жашта;

Михаил Солошенко, 19 жашта;

Баястан Максатбек уулу, 23 жашта;

Айбек Сыргакбеков, машыктыруучу.

Кыргызстандын улуттук курама команданын мүчөлөрү Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланып, 434 миң сом бөлүнгөн.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*