
Оштогу жаштар парламенти көйгөйлөрдү табуу жана чечүү жолдорун үйрөнүштү. Алар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү жана алар менен тыгыз кызматташуу боюнча билимдерди алышты.
Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, окуу-тренинг эки максат менен жаштарга жардам берет. Жаштар парламентинин потенциалын, билимдерин жогорулатуу, аларды колдонууга механизмдерди үйрөтүү болуп саналат. Экинчи максаты, жаштар окуу-тренингде үйрөнгөн билимдерин медиа талаада колдонушат.
Эми катышуучулар шаардагы укуктук, социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, жергиликтүү бийликтерге билдирип, көйгөйлөрдү өздөрү ТВ жана интернет сайттарга ылайыктуу материал жасашат.
Долбоор 9 ай бою жүрөт. Анын алкагында катышуучулар Бишкектеги ЖК депутаттары жана жаштар парламентинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүшөт.
Оставьте первый комментарий