Президент тышкы иштер министрин кабыл алды

Бүгүн, 11-февралда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Чыңгыз Айдарбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин март айындагы Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиньдин расмий сапарына даярдык боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков белгиленген мөөнөттө алдыга коюлган маселелердин баарын өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*