
Түркия мамлекети Жалал-Абад шаарында мектеп куруп берет. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат менен шаар жетекчилери жолуккан учурда белгилүү болду.
Бүгүн, 11-февраль күнү элчи Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Айбек Джолдошев, шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков жана шаар жетекчилери менен жолукту. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташуу жана элдердин ортосундагы коомдук байланыштарды күчөтүү багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.
Элчи Түркияда жасалчу оор операцияларга Жалал-Абад шаары үчүн акысыз 4 квота берүү, ошондой эле мугалимдердин айлык маянасы жогору төлөнө турган заманбап мектеп куруу сунушун айтты. Аны менен бирге текстиль жана айыл чарба тармагында адистерди окутуп даярдоочу окуу жай жана логистикалык борбор ачуу долбоорлорун ишке ашырса болоорун кошумчалады.
Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков Түркиянын шаарлары менен боордоштук-мамиле кызматташтыгын курууга шаар бийлиги кызыкдар экенин, учурда Түркия элчилигине сунуштоочу 10 долбоор бар экенин айтты.
Кошумчалай кетсек, буга чейин элчи Женгиз Камил Фырат Ош облусунун аймагына заманбап аэропорт, мектеп жана эс алуу багын куруп, эки оорулуу адамды акысыз операция жасатып же дарылап берүү сунушун айткан эле.
Оставьте первый комментарий