Ысык-Көлдө мал уурдагандар кармалды

Ысык-Көлдүн Тоң районунда майда мал жандыктарды уурдап жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. 

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, кармалгандар Тоңдун Доң-Талаа айылындагы сарайдан 10 баш кой, Комсомол айылынан 30 баш кой уурдалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар 1991-жылы туулган Ж.А, 1992-жылы туулган Ж.Т  жана мурда алдамчылык кылмыш жоопкерчилигине тартылган 1979-жылы туулган Ш.Ж аттуу жарандар кармалган.  

Кармалган жарандардын көрсөтмөсү менен үстүбүздөгү айда Токмок шаарында уурдалган малдардан көбү табылган. Жабырлануучуларга уурдалган 20 баш кой өткөрүлүп берилген.

Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандар аныкталып жатат.

Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*