Ош: Көп кабаттуу үйлөр акталып, эшиктерге домофон коюлмак. (Бул иш эмне болду?)

Ош шаарынын мэри өткөн жылы шаардагы үйлөрдүн сырткы көрүнүшү акталып сырдалып, эшиктерине домофон койулат деп убада берген. Калаа башчысынын демилгеси эки үйдү үлгү катары актап сырдоо менен башталган болчу. Бирок ал жакшы иш чара мына ошол эки үй менен токтоп калды. Таалайбек Сарыбашев ал убаданы аягына чейин чыгарабы же башталган иш ошол бойдон калып кетеби? Унутулган убада программасы бул жолу мына ушул убада тууралуу болмокчу.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо