Айыл өкмөткө нааразылар президентке кайрылышты

Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн убактылуу кызматтан четтеген башчысы Алмаз Абдукаримовдун ишине жергиликтүүлөр нараазылык билдирип чыгышты. 

Жашоочулардын айтымында, былтыр жүздөн ашык адамга жер тилкелерин берүү боюнча токтом чыккан. Бирок айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдукаримов жер тилкелеринин кызыл китебин жокко чыгарып, башка жарандарга сата баштаган. 

Тургундар буга чейин Кара-Суу районунун акимине жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнө кайрылып, бирок жыйынтык чыккан эмес.  Буга байланыштуу акыйкаттык талап кылып президентке кайрылуу жолдошту. 

«Буга чейин да президентке кат жолдогонбуз. Президенттик аппараттан 12 адамдан турган комиссия келип текшерген. Жыйынтыгында жер адиси Араппаевди үч айга камакка алган. Ал азыр чыгып алып, дагы жер беребиз деп жасалма токтомдорду элге таратып жатат. 26 гектар жерди да сатып жиберген. Азыр ал жерге завод куруп жатышат. Президентке аргасыз кайрылып жатабыз«, — деди Ташматжан Айматов.    

Төлөйкөн айылынын тургуну Нурзат Жумабаевдин атасы төрт жер тилкесин алган. Анын экөөсүнө турак-жай куруп алышкан. Бирок азыр жер тилкелеринин кызыл китеби сот аркылуу жокко чыгарылып жаткандыгын айтып даттанат.

«2006-жылы айыл өкмөт башчысы Маамат Токторбаевден төрт жер тилкесин алганбыз. Азыркы учурда документтердин баары жасалма деп сот аркылуу жокко чыгып жатат. Курулуш бүткөн. Жашап жатабыз. Бирөөсүнө фундамент куйуп койгонбуз. Орусияда иштеп бүтүргөнбүз. Азыр жер тилкесин башка брөөгө берип жатат«,-деди Нурзат Жумабаев.

Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Хатам Сулайманов жашоочулардын айткандарын четке какты. Ал 55 тургунга гана өткөн жылдын август айында жер тилкесин берүү боюнча токтом чыкканын айтты.

«Токтомду ошол учурдагы жер адиси Абдыкарим Арапбаев чыгарган. Аны прокуротура текшерип финчалгын өткөрүп берген. Азыр облустук сотто иш жүрүп жатат. Бирок жер тилкелери эч кимге көрсөтүлүп берилген эмес. Азыр иш сотто каралып жатат. Мыйзамсыз жасалма дегин сот териштирип жатат«,- деди Хатам Сулайманов. 

Эскерте кетсек, өткөн жылы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримовго алдамчылыкка байланыштуу кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган болчу.

Буга чейин биздин редакция Төлөйкөндөгү 2 гектар айдоо жерге үй курууга уруксат берилгени жөнүндө журналисттик иликтөө жүргүзгөнбүз. Аны бул жерден көрө аласыз.

 

 

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*