Араванда жазгы талаа иштери башталды. Видео

Ош облусунда жазгы талаа иштери башталды. Адаттагыдай эле  Араван району биринчилерден болуп талаа иштерин жандантты. 

Район жазгы талаа иштерин жылдагыдай эле картошка эгүү менен башташкан. Бир-эки күндөн кийин жазгы буудай себиле баштайт.

Араванда жазгы талаа иштери 10-февралдан тартып башталган. Былтыркыга салыштырмалуу жаз бир апта эрте келген.

Дыйкандардын алды картошка эгип бүтүп калса, калганы жер айдап жатышат. Кененирээк төмөнкү  сюжеттен көрүңүз.

 

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*