Бишкекте соттолгон милиция кызматкери ИИМден кеткен эмес

Бишкекте милиция кызматкери мас абалда жол кырсыгына учураганын ИИМден тастыктады. Ал 2 жыл мурун түнкү клубда жаңжалга да катышкан.

«-Милиция кызматкери Айбек Сыдыков 10-февраль күнү Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жол-транспорттук кырсык катталгандыгын маалымдайбыз-, деп жазылат ИИМдин маалыматында.

Ал Lexus унаасын мас абалында башкарып келатып Toyota Mark, Daewoo Nexia унааларын сүзгөн. Бирок ИИМ жол кырсыгы боюнча кылмыш-иши козголуп-козголбогонун жазган эмес.

Андан сырткары, 2017-жылдын 5-октябрь күнү А. Сыдыковдун катышуусундагы “Ретро-Метро” түнкү клубунда болгон окуя боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен ал ээлеген кызмат ордуна толук эмес ылайыксыз деп табылган.

«-Ал  факты боюнча  Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо”, “Куралды колдонуу менен бейбаштык кылуу”, “Кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын 22-октябрь күнү Бишкек шаардык Биринчимай райондук соту Айбек Сыдыковду бейбаштык беренеси (КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси 2-бөлүмү ) боюнча күнөлүү деп табып, 3 жылга шарттуу түрдө соттогон,»— деп жазылган маалыматта.

Ал эми А. Сыдыковдун жактоочусу Бишкек шаардык сотуна аппелияциялык даттануусун жөнөткөн жана ал азыр карала элек. Сот аталган кылмыш ишин кароо учурунда 2018-жылы Бишкек ШИИБнин кызматкери А. Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулуп, бирок Бишкек ШИИББдин карамагында жүргөн.

Маалымат каражаттарында Айбек Сыдыков Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы экени айтылат.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*