Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Эл аралык  террордук уюмдун мүчөсү 1991-жылы туулган Р.У. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

УКМКдан билдиргендей, кармалган жаран 2014-жылы чет өлкөдө диний мекемелерден билим алып жатып террордук уюмдарга аралашкан. Ал үй-бүлөөсү менен Сирияга барып террордук уюмдардын лагеринде аскердик машыгуудан өтүп, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согушка катышкан деп шектелүүдө. УКМК шектууну кайсыл жакта кармаганын ачыктаган эмес.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда акыркы февраль айында эле эл аралык террордук уюмдун төрт мүчөсү кармалган.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*