
Жогорку Кеӊештин бүгүнкү 13-февралдагы жыйынында “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Анда Кыргызстанда жазасын өтөп бүткөн чет өлкө жарандарын өлкө чегинен чыгарып салынат.
Мыйзам долбоорун ИИМдин орун басары Курсан Асанов сунуштады. Анын айтымында, азыркы учурда чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жазасын өтөгөндөн кийин, Кыргызстандын аймагынан чыгарып жибериш керек. Буга мүмкүндүк берүүчү ченем «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамда камтылбай калган.
Мыйзам долбоору кабыл алынса мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугу да жогорулайт. Депуттардын пикиринде, жеӊил-желпи жорук жасаган чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагына кирүүсүнө тыюу салуу мөөнөтү азайтылып, чет өлкөлүк мигранттарга салынган төлөмдү көтөрүү керек. Ошондой эле жаза-аткаруу мекемелериндеги чет өлкө жарандарды кармап турбашы керек.
Маалыматка караганда, азыркы учурда Кыргызстандын жазык-аткаруу жайларында 360 чет өлкөлүк жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат. 2018-жылы өлкөдөн мыйзам талаптарын бузган 368 чет өлкөлүк жаран чыгарылган.
Оставьте первый комментарий