Лавров АКШны сынга алып эскертти

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШга Венесуэланын ички саясатына кийлигишпөөнү эскертти.

Муну ал америкалык кесиптеши Майк Помпео менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө атканын «РИА Новости» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, Лавров менен Помпео Венесуэладагы акыркы кырдаалды талкуулашты.

«Орусия бириккен улуттар уюмунун алдыда өтө турган самитинде Венесуэланы жактап сүйлөшүүлөргө даяр. АКШ Венесуэлага каршы санкцияларын күчөтүү пландары туура эмес»,- деп айткан Лавров.

Лавров АКШны аскердик кадамдар менен катар Венесуэланын ички иштерине кийлигишпөөсү боюнча эскертти.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*