Ноокатта 4 кыз төрөгөн үчүн сабалган аял арызын кайтарып алды

Ноокат районунун Борко айылында жашаган 35 жаштагы келин күйөөсүнөн токмок жеп, милицияга жазган арызын кайтарып алды. Үй бүлөнү аймактык милиция тескөөчүсү көзөмөлдөп жатат.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Милициядан билдиргендей, Борко айылынын Н.А атуу тургуну милицияга күйөсүнөн токмок жегенин айтып, арыз менен кайрылган. Анын арызы 2019-жылдын 1-январь күнү аталган факт иретинде Ноокат РИИБнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аялдын мекемеге билдиргенине караганда, окуя 2018-жылы 29-ноябрда катталган.

«-Ал күнү жолдошум мас абалда келип, тополоң чыгарып экөөбүз уруша кеткенбиз. Ушул боюнча эки күндөн кийин ооруканага кайрылгам. Милицияга да арыз жазгам. Алар бизди көзөмөлдөп жатат. Андан бери жолдошум ичимдик ичпей калды,- « деп айтып берген.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жабырлануучу Н.А  кайрадан айыптоону колдоодон баш тартып, тосмо арыз жазып берген.

Буга байланыштуу, КРнын жоруктар жөнүндө кодексинин 39-берененин негизинде тараптардын өз ара макулдашып алушуусунан улам кылмыш иши кыскартылган.  

Кошумчалай кетсек, буга чейин Кактус Медиа  сайты келин күйөөсү менен 17 жыл жашап төрт кыз төрөгөнүн, бирок ага күйөөсү нааразы болуп сабап жүргөнүн жарыялаган. Ошондой эле келин милицияга, аймактык ооруканага бир нече жолу кайрылганын алардан жардам болбогонун жазган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*