Айдоочуга ок атып, бычак менен коркуткандар кармалды

Бишкекте таксистин өмүрүнө коркунуч жараткан эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Окуя 28-январда катталган. Эки жүргүнчү Бишкек шаарынын Ош базарынан таксиге отурушуп, «Калыс-Ордо” жаңы конушуна жеткенде айдоочуну курал жана бычак менен коркутуп, автоунааны токтоткон. Айдоочу автоунаадан түшүп, качып кеткен. Андан кийин айдоочунун артынан кууп, ок атышкан.

Кармалгандар мурда уурдоо, зордуктоо, карактоо боюнча соттолуп эркинен ажыратылган. Жаза мөөнөтүн өтөп чыкканына эки ай болгон 1990-жылы туулган С.А. атту жаран болгон. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. 

Экинчиси да мурда соттолгон О. уулу А. аттуу Нарын облусунун тургуну болгон.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо