Башкы прокурор: Шадиевди Кыргызстанга алып келүүдө көйгөй бар

Кылмышкерлерди кайтарып келүү боюнча Кыргызстан менен АКШнын ортосунда келишим жок. Буга байланыштуу Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга алып келүүдө маселе жаралат. 

Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. Айтымында, парламенттин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевди  Америкадан Кыргызстанга алып келүүнүн жолдору каралып жатат.

Былтыр декабрда Биринчи май райондук соту он жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, үй мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Конфискациянын жалпы суммасы 1 миллиард 852 миллион сомду түзгөн.

Аскарбек Шадиевге алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон.

Андан соң Шадиев АКШга качып кеткени кабарланып, «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча иш козголгон. Андан сырткары «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо