Ош: эс алуу жайдагы өрт эмнеден чыкты? Видео

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Чынара” эс алуу жайынан өрт чыкты.  Өрт кырсыганан адам жаракат алган эмес.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт эс алуу жайдын кино коючу бөлмөсүнөн электр чубалгыларынан чыгышы мүмкүн. Залдын ичи толугу менен күйүп кеткен. ӨКМдин өрт кырсыгын алдын алуу башкармалыгынын адиси Шайырбек Туйбасов учурда тилсиз жоонун чыгашалары эсептеле баштагынын айтты.

-Биздин кызматкерлер чакыруудан соң 3 мүнөттө келишкен. Саат 11:00дө эс алуу жайдагы кырсык толугу менен өчүрүлдү. Учурда кызматкерлер өрттүн келип чыгуусун лабороториялык текшерүүдөн өткөрүп жатат. Келтирилген материалдык чыгымдар такталууда”, -деди ӨКМдин өкүлү.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери 308 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен каза болгондор 13кө жеткен.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо