
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов социалдык тармактарда туура эмес маалымат тараткандарга 20 миң сомдон жогору айып пул салууну сунуштады.
Эгер мыйзам күчүнө кирсе социалдык тармакта жарыяланган билдирүү кайсы бир адамдын кадыр-баркына шек келтирген учурда моралдык компенсация төлөйт.
Кенемтенин эң төмөнкү чеги 20 миң сом деп белгиленген. Бул арыз берген жаран кенемтенин суммасын өзү аныктабаган учурда колдонулат.
Сот эгер социалдык тармакка жарыяланган пикир бирөөнүн ар-намысына жана аброюуна шек келтирет деп тапса, ал бирдирүүнү көчүрүп баскан маалымат каражаты да дароо өчүрүүгө милдеттүү болот.
Жарандык кодекске өзгөртүү киргизип, социалдык тармактардагы билдирүүлөрдүн тескелишин колдойсузбу? «T-Media Group» cурамжылоо жүргүзөт.
Оставьте первый комментарий