Абылгазиев: өкмөт ишке жөндөмдүүлүгүн көрсөттү

Өкмөт жөнөкөй эмес шарттарда экономикалык милдеттерди натыйжалуу аткарууда жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөтүнүн жыйынында билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 2018-жыл өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жөнөкөй жылдардан болгон жок. Глобалдык экономикалык процесстер, дүйнөлүк валюталардын өзгөрүүсү, мунай баасынын туруксуздугу жана санкциялык саясаттын кесепеттери таасирин тийгизип жатты.

«Буга карабастан, биз бардык кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңе алдык. Өкмөт тең салмактуу жана ырааттуу саясатты жүргүзүп, мында макроэкономикалык туруктуулукту сактоо шартында экономикалык милдеттерди натыйжалуу аткарууга жөндөмдүүлүгүн көрсөттү», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Абылгазиевдин белгилешинче, ИДП көлөмү 557,1 млрд сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 37,5 млрд сомго жогорулаган, ал эми салыктык түшүүлөр 12,3 млрд сомго жогорулаган. Инфраструктурага инвестициялардын көлөмү 150,8 млрд сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 5 млрд сомдон ашуун көлөмгө жогорулаган.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, өткөн жылы 246 ишкана ишке киргизилип, 77 миңден ашуун жумушчу орду түзүлгөн. Андан сырткары 2018-жылы ар кыл тармактарда бир катар маанилүү реформалар ишке ашырылган.

Жакында эле парламент депутаттары Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт түзүмүнүн ишин сынга алган. Эл өкүлдөрү парламенттин бир дагы жыйыны өкмөт башчыга карата нааразычылык айтылбаган күнү  болгон жок дешкен эле.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*