Мыйзамсыз байланыш уюштурган деп «АльфаТелекомдун» өкүлү кармалды

УКМК эл аралык байланышты мыйзамсыз камсыз кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалганын кабарлады. 

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети  «Альфа Телеком» мамлекеттик байланыш операторуна атайын жабдыктар жана абоненттик номерлер аркылуу эл аралык трафикти мыйзамсыз жеткирген фактыны аныктады.

Шектелген кымыштуу топ атайын жабдыктын жардамы менен бир канча ай ичинде жергиликтүү байланыш операторлордун трафигин мыйзамсыз колдонуп, эл аралык байланышты камсыз кылып келишкен.

Иликтөөнүн жүрүшүндө мыйзамсыз иштердин уюштуруучулары «У.М.М.», «У.Б.К», «А.Б.А» жана аларга тиешеси бар деген шек менен «АльфаТелеком» ЖАК кызматкери «Н.О.Т» кармалды.

Сотко чейинки териштирүүнүн негизинде Бишкек шаарынын 4 жеринде тинтүү жүргүзүлүп, 4 даана атайын (GSM) жабдыктары, 5 даана “SIMBOX!, «Альфа-Телеком» жана «Скаймобайл» ЖАК 3 миңдей сим-карталары табылган.

Азыркы убакта «Альфа-Телеком» жана «Скаймобайл» ЖАКга келтирилген зыян такталып жатат.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*