Ош: Ооган ардагерлеринин саны азаюуда. Микро видео

Ош шаарында соңку жылдары Ооган согушунун 12 ардагери каза болду. Жалпысынан шаарда 396 ардагер калган.

Бүгүн, 15-февралда Ошто Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган эскерүү иш чарасы өттү. Эскерүү жылдагыдай жөрөлгө менен өтүп, ага ооган ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары келишкен.

Ооган согушунун Ош шаарындагы ардагерлеринин координациялык кеңешинин төрагасы Курсанбек Койчубаев быйылкы даталуу күнгө карата өкмөттөн ар бир ардагерге каражат бөлүндү дейт.

-Быйылкы 30 жылдык күнгө байланыштуу өкмөт бизге сый тамак уюштурду. Ошондой эле 5 миң сомдон сый акча таратылды,-”дейт төрага.

Ооган согушунун ардагерлер кеңешинен билдиргендей, 1979-89-жылдардагы Ооганстандагы согушка Ош шаарынан 750дөн ашуун аскер барган. Алардын 19у  кан майданда курман болушкан. Жыл өткөн сайын ооганчылардын катары суюлуп баратат. Учурда 396сы калып, 4 ардагердин майыптыгы бар.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*