Сот өкүмү чыкты. Мурат Суталинов абакта калды

УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов мөөнөтүнөн мурда бошотулбайт. Мындай чечимди бүгүн, 15-февралда Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды.

Мурат Суталиновдун ишин Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев караган. Сот өкүмүнөн кийин Суталинов сот органдарына арызданбай тургандыгын  билдирди.

Былтыркы жылдын декабрь айында медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин Султалиновдун оорусу оор болуп аныкталган. Оң бөйрөгү алынып, учурда сол бөйрөгү рак оорусуна чалдыккан.

Азыр Мурат Суталинов абакканада химиотерапия алып жатат. Дарыгерлер анын абалы оорлошуп баратканын белгилеп келишүүдө.

Буга чейин парламенттин айрым депутаттары УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновго ырайым берүүнү сунушташкан эле.

Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу 20 жылга соттолгон. Ал Бишкектеги №47 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*