
Бул маалыматты Стамбул шаарындагы «Sondakika» билдирди. Учурда беш кыргызстандык кыз-келин Стамбул шаарынын миграция департаментинде кармалууда.
12-февралда Стамбул полициясы Түркиянын борбор шаарынын 7 районундагы 31 дарегинен сексуалдык кулчулукка кабылган 85 кыз-келинди куткарган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 35и Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары болуп чыкты.
Полиция кыз-келиндерди социалдык тармактар аркылуу иш табып берүү же турмушка куруу максатында алдап чакырган 50 шектүүнү камакка алды. Алар адам алдап, сойкулукка мажбурлоо боюнча айыпталууда.
Сексуалдык кулчулукка кабылган кыз-келиндер Стамбулдагы Кыргызстандын жана Өзбекстандын элчилигине өткөрүлүп берилди. Учурда аларды өз өлкөлөрүнө жиберүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Эл аралык уюмдардын иликтөөсүндө Кыргызстанда кулчулукка кабылгандардын дээрлик 90 %ы эмгек кулчулугуна кабылат. Бирок соңку учурда сексуалдык кулчулукка кабылгандар тууралуу фактылар да көбөйө баштаган.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет өлкөдө Кыргызстандын кыздарынын сексуалдык кулчулукка кабылып жатканы соңку эки жылда тездик менен өсүүдө.
Түркиянын Миграция департаментинин маалыматы боюнча 2005-2017 жылдары Түркияда 1 222 чет өлкөлүк жаран кулчулуктан куткарылган.
Оставьте первый комментарий