Жээнбеков: ооган ардагерлерине социалдык колдоо үзүлбөйт

«Ооган согушуна катышкан аскерлердин эрдиги жаштарыбыз үчүн мекенин коргоонун үлгүсү болуп кала берет!», — деп белгиледи президент  Сооронбай Жээнбеков Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган иш чарада.

Сооронбай Жээнбеков көп улут өкүлдөрүнөн турган Советтик армиянын катарында жети миңден ашык кыргызстандыктар өз милдетин аткарганын, өлүмдөн коркпой, баатырдыктын үлгүсүн көрсөткөнүн эске салды.

« Тогуз жылдан ашык созулган Ооган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө өчпөс так калтырды. Миңдеген мекендештерибиз уулдарынан, бир туугандарынан, аталарынан, өмүрлүк жарынан ажырады. Ооган согушунда 248 кыргызстандык мекендешибиз курман болду. Бир жарым миң жоокерибиз жаракат алып, кырчындай болгон жаш жигиттер майып болушту. Аскердик милдетин каармандык менен аткарган бардык мекендештерибиздин эрдигине баш ийип, аларга урматыбызды билдиребиз. Кырчындай жаш өмүрүн курмандыкка чалган баатырларыбыздын элесине таазим этип, каармандыгын даңктайбыз!», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы сөзүн жыйынтыктап жатып, мамлекет экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша Ооган ардагерлерине социалдык колдоосун үзбөй көрсөтүп жатканын, башка социалдык-экономикалык маселелердин катарында алардын да маселелери ырааты менен чечилерин белгиледи.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*