
Дүйнө жүзүндө гана эмес, Кыргызстанда да гепатит илдети курч абалда турат. Бул дарт көпчүлүк учурда билинбей өрчүп, убагында дарыланбаса цирроз, рак ооруларына алып келет.
Гепатит – боордун олуттуу жана коркунучтуу ооруусу. Бул – жугуштуу ооруулар, боорду уулантуучу дары-дармектер, нерселер, мите курт микроорганизмдери, боордун иштебей калышы, иммундук системанын ишинин бузулушу. Андан сырткары спирт ичимдиктерин, наркотикалык заттарды колдонгондон улам пайда болчу илдет.
Гепатиттин 5 негизги тобу бар, алар А, В, С, Д жана Е.
Жугуштуу гепатит бизге Боткин оорусу катары белгилүү. Мындай аттоону сарыктын А түрүнө колдонот, аны толук айыктырууга мүмкүн. Саргаюу-сарыктын бул түрүнүн көзгө көрүнгөн белгилеринин бири. Е түрүндөгү сарыктын симптомдору А түрүнө окшош. Убагында дарыланса толук айыгат. В, С, D жана G түрлөрү – оорлоп, көпчүлүк учурда өнөкөт баскычка өтөт жана адамдын организмине олуттуу зыян алып келиши ыктымал.
Оору кандай жол менен жугат?
- А Гепатити: Заӊ – ооз аркылуу жугуу: Кайнатылбаган, ичүүчү суу, жуулбаган колдор аркылуу вирустун курч ичеги жарасы пайда болот. Бул ооруну кир колдордун оорусу деп дагы аташат.
- B Гепатити: Кан аркылуу жугат. Эненин организминде өөрчүп жаткан оору жаӊы төрөгөн балага; жыныстык жол менен (сейрек)
- С Гепатити: Организмге вирусу бар кан аркылуу; ооруну алып жүрүүчү жыныстык өнөктөштөн (4% көп эмес) жугат.
- D Гепатити: В сарыгынын коштоп жүрүүчүсү. Булганган кан менен байланышта болгондо жугат, жыныстык мамиледен азыраак жугат, ымыркай апасынын каны аркылуу жугузуу менен төрөлөт.
- Гепатит E: Эгер адам дааратканага баргандан кийин колун жуубаса, арыктан же ачык суу сактагычтардагы вирус менен булганган сууну кайнатпай колдонгондо организмге кирет. Эгер аял кош бойлуу кезинде сарыктын Е түрүнө чалдыкканын аныктаса бала өлүмгө дуушар болот.
- G Гепатити: Сарыктын коркунучтуу С түрү менен аябай окшош. Вирус жуккан кан аркылуу тарашы мүмкүн, жыныстык катнаш аркылуу азыраак жугат. Ымыркай төрөт учурунда вирусту жуктурушу мүмкүн.
Кыргызстанда гепатиттин 3 тобу көп катталат. А тобу 60,5%, гепатит В – 16,9%, гепатит С-4,5%, жаран ооруйт.
Ооруну алдын алуу;
- Сууну, тамакты кайнатып ичүү.
- Көчөдөн келгенде жана тамак ичер алдында колду жуу.
- Жашылча-жемиштерди жууп колдонуу.
- Көчөдөн (колдон) тамак-аш сатып албоо.
- Бирөөлөрдүн кусундусуна жолобоо.
- Жеке гигиенаны сактап, буюмдарыңызды башкаларга бербей өзүңүз гана колдонуп, таза кармаңыз.
Оорунун В,С түрлөрүн алдын алуу үчүн;
- Кокустук жыныстык катнаштан качуу;
- Татуаж, маникюр, педикюр жасаган жабдыктар таза болушу керек;
- Бирөөнүн тиш щеткасын, тарагын, устарасын колдонуудан баш тартуу;
Ооруну алдына алуу үчүн ар бир адам жыл сайын доктурлардын көзөмөлүнөн өтүп туруу зарыл.
Оставьте первый комментарий