Мюнхенде дүйнөлүк коопсуздук конференциясы өтүүдө

Дүйнөнүн эң маанилүү саясий платформаларынан Мюнхен Коопсуздук конференциясы (MSC 2019) бүгүн башталды. 

Конференциянын күн тартибинде өзгөчө Брексит, Европада күчөгөн улутчулдук, Европа Биримдигинин өзүн коргоосу, трансатлантика кызматташтыгы жана дүйнөдөгү чоң күчтөрдүн атаандаштыгынын тийгизип жаткан таасирлери» боюнча маселелер каралат.

Саясат, экономика, аскердик жана чалгындоо тармактарынын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрүн жолугуштурган конференцияга быйыл 35 өкмөт жана мамлекет башчы, 50дөн ашуун тышкы иштер министри, 30 коргоо министринин катышуусу күтүлүүдө.

Конференцияга дүйнөлүк деңгээлде иш алып барган ишканалардын жетекчилери, академиктер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат. Быйыл, 55чи ирет өтүп жаткан бул конференцияга жалпысынан миңге жакын катышуучулар келишет.

MSC-2019да Евробиримдиктин коопсуздук саясатынын келечеги, Орусия, Украина, Жакынкы Чыгыш жана Кытай менен тиешеси бар темалар жана климаттык өзгөрүүнүн коопсуздукка карата таасирлери талкууланмакчы.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*