Ош: 25-февралдан жол акы автоматташат. Маалымат менен таанышыңыз

Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемеси автоматташтырылган жол акы системасын 25-февралдан баштап ишке киргизүүнү пландоодо. 

Мекеме жетекчилигинин билдиришинче, автобус жана троллейбустар автоматташтырылган системага өтүүгө даяр. Орнотулган борт жабдыктары сыноодон өткөрүлүп, жол акы карталары таркатыла баштады.

Жол акы карталардын баасы 64 сом. Жүргүнчүлөр Ош мэриясынан жана муниципалдык автоунаа мекемесинен сатып алса болот. Андан сырткары ОшМУ, ОшТУ жана ОшКӨУда атайын бөлүмдөр ачылат.

Азыркы учурда жол акы карталары пенсионерлерге таркатыла баштады. Ал эми окуучулар менен майыптыгы бар адамдарга Ош шаардык Кеңеши токтомго өзгөртүү киргизген соң бериле баштайт.

                                                                      Токтомдор  толукталат

19-февралда Ош шаардык Кеңеши кезектеги сессиясында коомдук транспорт жүргүнчүлөрүнө байланышкан эки токтомго өзгөртүү киргизет.

  1. Окуучулардын жол акысын 5 сомго көтөрүү 
  2. Майыптыгы бар адамдарга коомдук транспорттордо акысыз жүрүү ченемин чечүү 

Аларга токтомдорго өзгөртүү киргизилген соң жол акы карталары таркатыла баштайт.

                                                                              Жаңы өзгөрүүлөр? 

Автоматташтырылган системада борт жабдыктары картадан сырткары тыйындарды да кабыл алат. Бирок накталай төлөмдө жол акы маршруттун баасы боюнча 10 сомдон болот.

Карта менен накталай төлөмдүн айырмасы 2 сомдон 4 сомго чейин жетет.

  • автобустарда жол акы 8 сом. 
  • троллейбустарда жол акы 6 сом.

Накталай төлөмдү маршруттун баасына теңөө  сунушу муниципалдык автоунаа мекемесине таандык. Эгер ал демилгени Ош шаардык Кеңеши жактырса ишке ашат.

    Картадан кантип төлөнөт?

Картанын өзүндө жол акынын баалары камтылган эмес. Анын бирдигин борт жабдыктары киргизилген программадагы баасы боюнча алып калат.

Маселен, троллейбуска 6 сом жана автобуска 8 сомду автомат өзү алып калат.

                                                                       Карта кантип толукталат?

Маселен, кээ бир банктык карталар 2 жылга гана берилет. Ал эми жол акынын картасынын өзү мөөнөтү чексиз.  Картанын ичиндеги бирдиги түгөнгөндө аны толуктап колдонуп жүрсө болот.

Электрондук картанын акчасы Ош шаарынын 4 жеринен толукталат:

  1. Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемеси
  2. Ош мамлекеттик университети 
  3. Ош технологиялык университети 
  4. Оштогу кыргыз-өзбек университети

Мындан сырткары Элсом капчыгы киргизилип жатат. Ал ишке ашса жүргүнчүлөр жол акы карталарын кол телефондору менен толуктай берет.

Бул иштер өткөн жылы октябрда башталыш керек эле. Кийин ноябрь айында ишке ашаары айтылып, бүгүнкү күнгө чейин артка сүрүлүп келди.

Системаны ишке ашырууга европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы насыяга 684 миң евро бөлгөн. Жаңычылдык — жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында ишке ашырылууда.

Долбоорду Чех компаниясы ишке ашырып жатат. Тендердин талабы боюнча 30 миң даана жол акы карталары Чехиядан акысыз алынып келинген. Алдыда 50 миң карта сатуудан түшкөн акчанын эсебинен алынат.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*