УКМК: милиционер кылмыштуу топту жетектеп жүргөн

15-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук кызматкери жарандарды опузалап, 600 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды.

УКМКнын билдиришинче, милициянын майору менен кошо эки жаран кармалган. Алар биргеликте жарандарга жашыруун маңзат таштап, опузалоо жолу менен акча талап кылып жүрүшкөн.

Аталган кылмыштуу топту милициянын майору С.К жетектеп жүргөн. Анын үстүнөн 12-февралда улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине арыз келип түшкөн.

«Милиция арыз ээсине ишиңди жаап берем деп  1000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган. Ал жаран Бишкек ИИББнын кызматкерибиз деп тааныштырган белгисиз адамдарга карата чара көрүү боюнча арызы менен кайрылган»,-деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, материалдар кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда (опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалгандар УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*