
“T-Media Group” бүгүн, 18-февраль күнү саат 16:00до “Ош шаарынын атуулу” наамына көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча жүрүп жаткан элдик сурамжылоонун жыйынтыгын чыгарат. Добуштардын жыйынтыгы Ош шаардык Кеңешине тапшырылмакчы.
“Ош шаарынын атуулу” деген наам эки кишиге ыйгарылат. Шаардык Кеңеш бул наамга “Газпром нефть Азия” ЖЧКсынын башкы директору Болот Абдилдаев менен Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаковдун талапкерлигин көрсөткөн.
“Сунушталган талапкерлер татыктуубу?” деген онлайн сурамжылоону биздин редакция 11-февралда баштаган. Анын жүрүшү боюнча Болот Абдилдаев ушул убакытка чейин 970 добуш топтогон. Анын 247и “ооба” десе, 723ү “жок” деп добуш беришкен.
Ал эми Каныбек Исаковдун талапкерлиги боюнча 2 400 адам добушун берген. “Жок” деген добуш 85ди түзсө, “ооба” дегендери 2 315ге жетет.
Онлайн сурамжылоо жыйынтыкталганга чейин сиз да өз добушуңузду калтырсаңыз болот. Элдик сурамжылоонун жыйынтыгы 19-февралда өтчү Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына жиберилет. Депутаттар көрсөтүлгөн эки талапкерге добуш берүүдө сиздин пикириңизди эске алышы мүмкүн.
Оставьте первый комментарий