
Бишкек шаарындагы коомдук транспорттордо бир айдын ичинде 505 чөнтөк уурулугу катталды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев маршруттук таксилердин өкүлдөрү менен жолукканда билдирди.
Анын айтымында, чөнтөк уурулуктан жүргүнчүлөргө 7 млн 320 миң сом зыян келтирилген.
“Чөнтөкчүлөргө туш болгондордун ичинен 172си эркек киши, 310у аялдар жана 23ү өспүрүмдөр болгон. Эгер бир айдын ичинде эле ушунча чөнтөк уурулук катталса, бир жылдын ичинде канча болоорун элестетсеңер? ИИБнын ичинде атайын чөнтөк уурдоолор менен күрөшө турган бөлүм ачылды. Эми бул бөлүмдү чоңойтобуз”, — деди Жумагазиев.
Жумагазиев кошумчалагандай, учурда жеке маршруттук таксилердин ичинде атайын видео каттоочу жабдыктарды орнотуу маселеси талкууланып жатат.
Оставьте первый комментарий