Быйылдан баштап республикалык көчмөндөр оюндары өтөт

2019-жылдан тартып Кыргызстандын ар бир облусунда көчмөндөр оюндары өткөрүлүп турат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

«Бул оюндардын маанилүүлүгүн эске алып, өзүбүз дагы Кыргызстанда жыл сайын республикалык деңгээлде Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик. Быйылкы оюндарды Талас облусунан баштайлы деп жатабыз. Андан соң, эстафетаны башка областтар алып, өткөрө баштайт», — деп белгиледи президент.

2018-жылы үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда жогорку деӊгээлде  өттү. Ага жер шаарынан 60ка жакын өлкөнүн өкүлдөр катышкан.

Дүйнөлүк төртүнчү көчмөндөр оюндарын өткөрүү кезеги Түркияга өткөрүлүп берилди. 2020-жылы Түркия мамлекети дүйнөлүк төртүнчү көчмөндөр оюндарын өткөрөт.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*