Эл каттоого даярдыктар башталды

2020-жылы Кыргызстанда өтө турган калкты жана турак-жай фондун каттоого даярдыктар 25-марттан 3-апрелге чейин өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кабарлады.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын жыйынында «2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо бул жөн эле статистика эмес, бул өтө маанилүү мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш чара”,- деп билдирди.

«Учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү “өтө жай” иштеп жатышат. Эмдигиче өлкөнүн бардык аймактарында административдик-аймактык чек аралар тактала элек. Жаңы көчөлөргө аталыш берүү, турак үйлөргө номерлерди берүү иштери аксап келе жатат», – деди Боронов.

2015-жылы Кыргызстандын калкы 6млнго жеткен. Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны Ошто 25-ноябрда төрөлгөн.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*