
Эсеп палатасы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен каржылык мыйзам бузууну аныктады. Жалпы сумма 15 миллион сом.
Аталган агенттиктеги каржылык мыйзам бузуу аудит жүргүзүлгөндө аныкталган. Бул тууралуу эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Каржылык мыйзам төмөндөгүдөй бузулган:
- 510 миң сом — акчанын жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгышы
- 13 миллион 833 миң сом — каражат чыгымдоодогу эреже бузуу жана кемчилик
- 640 миң сом — бюджеттин ашыкча кошуп эсептелген кирешелери
- 291 миң сом — социалдык фонддун бюджетине ашыкча кошуп эсептелген кирешелери
Эсеп палатасы агенттиктин иши боюнча бир катар кемчиликтер аныкталганын да кошумчалады.
Оставьте первый комментарий