
Көп батирлүү турак үйлөргө караштуу жер тилкелеринин чек арасын аныктоо жана тариздөө боюнча иштер улантылат. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы бирдирди.
Ага ылайык, 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 «Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу» токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө» өкмөттүн токтому күчүн жоготту деп таанылат.
Аталган чечим жер кодексинин көп батирлүү турак үйлөргө караштуу жер тилкелерин аныктоо маселеси боюнча талаптарын камсыздоо максатында кабыл алынган.
Буга чейин Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөр тегерек-четиндеги жерлерди документтештире алчу эмес.
Оставьте первый комментарий