Ош: жаңы кызматтын башчылары дайындалды. Тизме

Ош шаарында жаңы түзүлгөн 6 муниципалдык аймактык башкармалыкка жетекчилер дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду. 

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат ” жөнүндөгү мыйзамдын 23-беренесине ылайык Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы болуп төмөндөгүлөр дайындалды.

— Жээнбеков Азиз Арстанович — №4 “Манас Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы,

 — Жунусбаев Сонунбек Калмаматович — №2 “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы,

— Мирзабаев Равшан Хекматуллаевич — №1 “Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы,

— Паизова Венера Сулаймановна- №6 “Курманжан Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы,

 — Исмаилов Хамидулло Халилиллаевич — №5 “Амир Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы,

— Самиева Нурила Камиловна -№3 “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, мурдагы 12 аймактык кеңеш бириктирилип, 6 муниципалдык аймактык башкармалык болуп түзүлдү.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*