Ошто кемпирдин жансыз денеси табылды

Кечээ, 19-февралда Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү батирлердин биринде кемпирдин жансыз денеси табылды. 

Ош ШИИБнын маалымат кызматынан билдиргендей, маркум 1931-жылы туулган Д.С. аттуу кемпир болгон. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча маркум жаткан бойдон турбай калган.

Текшерүү учурунда кемпирдин денесине зыян келтирилбегени аныкталган. Учурда бул факт маркум мезгилсиз дүйнө кайткан деп каттоого алынды.

Алдын ала маалыматка караганда, ӨКМге маркумдун коңшуларынан кабар келип түшкөн. Куткаруу кызматы батирдин эшигин ачкан учурда маркумдун сөөгү табылган. Мекеме шаардык милицияга өткөрүп берген. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*