Эне тил күнүнө карата жаш мугалимдердин сармердени өттү

Кечээ, 20-февралда Ош шаарындагы жаш мугалимдердин ортосунда « Эл аралык Эне тил» күнүнө карата сармерден оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Шаардагы № 18 А. Навои атындагы мектеп гимназиясынын базасында өткөн бул иш чара Ош шаарындагы чыгармачыл жаш мугалимдердин башын бириктирүү, улуттар аралык достукту бекемдөө, шаарда жашап жаткан ар бир улуттун эне тилин даңазалоо жана аларга шык берүү максатында уюштурулган.

Досмуратовдун айтымында, бул салт элибизде «Кыз-жигиттин сармердени» деп аталгандыктан чыныгы жаштардын оюну болууга тийиш. Ал мындай саамалык бир гана кыргыз улутундагылардын эмес, бардык улуттагы жаштардын башын бириктирүүгө багыт алышы керек деп эсептейт.

«Шаарыбыздагы билим берүү мекемелерине азыркы учурда жаш, чыгармачыл мугалимдер көп келе баштады. Мына ушул жигердүү мугалимдерибиздин башын бириктирүү, Эне тил майрамын белгилөө аркылуу түрдүү улуттагы кесиптештебизди, жалпы эле жаштарды достукка үндөө негизги максатыбыз болду»,- дейт Т. Досмуратов.

Кыргыз, өзбек, орус, татар жана башка улуттагы жаш мугалимдер катышкан сармерден оюну улуттардын тилин даңазалаган ыр-бийлер, көркөм окуулар, жаңылмачтар жана достукка үндөгөн ураан-чакырыктар менен коштолду. Иш чаранын жүрүшүндө элибиздин улуттук оюндары да көрсөтүлүп, сармерденди көргөнү келген шаар жетекчилери, жалпы мугалимдер жана башка коноктордун алкоосуна татыды.

Соңунда, Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси З. Амирбеков, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынны Ош бөлүмүнүн төрагасы Б. Нурумбетов, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А. Асанов жана шаардык маданият башкармалыгын башчысынын орун басары Б. Абасов жалпы катышуучуларды майрамы менен куттуктап, сармерденге жигердүү катышкандарды мактоо баракчалары менен сыйлашты.

Бүгүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө эл аралык Эне тил күнү белгиленүүдө. 21-февраль — Эне тил күнү катары 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан бекитилип, 2000-жылдан тарта белгилене баштаган.

 

 

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*