Күйүүчү май 4 сомго чейин арзандашы мүмкүн

Казакстандан ташылып келген бензин 3-4 сомго арзан болот. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов айтты. 

Анын айтымында, күйүүчү май Казакстандан импорттолсо Орусиядан ташылып келгенине салыштырмалуу  баа арзан болот. Орточо эсеп менен 3-4 сомго төмөндөшү күтүлүүдө.

«Казакстанда бензин Кыргызстанга караганда болжол менен 10 сомго арзан. Эч кандай экспорттук жана импорттук бажы төлөмдөрү жок, бирок күйүүчү-майлоочу майдын акциздери болот. Анткени күйүүчү май акциздер алдындагы товардык топко кирет. Бүгүнкү күндө акциз 1 тоннасына 5 миң сомду түзөт», -деди Олег Панкратов.

Кыргызстандын ички рыногуна керектелчү күйүүчү май Орусиядан ташылып келет. Өлкөдө күйүүчү майдын кымбатташы өткөн жылдын башынан баштап байкалган.

Өткөн жылдын соңунда Орусия Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарын төлөбөстөн экспорттоого уруксат берген. Ошондон кийин Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы түшө баштады.

 

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо