«Коопсуз шаар»: 12 миңден ашуун эреже бузуу катталды

Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 12 миң 433 эреже бузуу катталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Айтымында, азырынча «айыппул» эч кимге жөнөтүлө элек. ИИМ баардык протоколдорду изилдеп жатат. Мыйзамда көрсөтүлгөн айыппулдарды кийинчерээк жарыялашат.

12-февралдан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштаган. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комлекстери коюлган. Андан тышкары, жол белгилерин жаңылоо иштери жүргөн.

Буга чейин өкмөт быйылкы жылдын июнь айына чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун алгачкы этабын аяктап, кийинки баскычын ишке ашырууга сынак жарыяланарын билдирген эле.

Автор Т-медиа 10833 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*