«Коопсуз шаар»: айып пулдар суммасын белгилөө тартиби бекитилди

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында  келип түшкөн айып пулдарды белгилөө жана пайдалануу тартиби бекитилди. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ИИМдин ЖКККБда иштеп жаткан аппараттык-программалык комплекс (АПК) жол эрежелерин бузууну аныктайт. Ал эми каржы министрлигинде айып пулдарды топтоо боюнча администрациялануучу эсеп ачылды.

Администрациялануучу эсепке иш жүзүндө төлөнгөн айып пулдар келип түшөт. Түшкөн каражаттарды каттоо автоматтык режимде «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу ишке ашырылат.

Түшкөн айып пулдар каякка жана эмне үчүн бөлүнөт?

—  Келишимге ылайык айып пулдар маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине,

— Техникалык операторлорго техникалык коштоого,

— «Коопсуз шаар» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун колдоосу үчүн,

—  ИИМ ЖКККББга, авто унаа ээлерине жеткирүү үчүн почта кызматтарына

Калган айып пулдар суммасы төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

— 5 % ‒ УКМКга, маалыматтарды иштеп чыгуу резервдик борборун түзүү, жаңылоо жана камсыз кылууга;

— 15 % ‒ ИИМ ЖКККББга, мониторинг борборун күнүмдүк камсыз кылуу жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү, жол кыймылынын эрежелерин бузуулар үчүн айып пулдарды жыйноону жакшыртуу,

Жолдорду көзөмөлдөөчү тараптарга:

— 25% – жергиликтүү бийликтерге;

5 % транспорт жана жолдор министрлигине.

Калган каражаттардын калдыгы  республикалык бюджет жөнүндө мыйзамы боюнча чечилип, өкмөттүн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу чечимине ылайык бөлүштүрүлөт.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*