Жээнбеков: Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот

Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты.

Мамлекет башчысы президенттик шайлоо убагында бардык аймактарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча берген убадасын эске салды.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот. Бул долбоорлор боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Кытай жана Араб өлкөлөрү менен иштеп жатабыз.  Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот”, — деди өлкө башчы.

Эске салсак, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргызстандын 16 шаарында жалпы суммасы 11 млрд 384 миң сомду (142,3 млн евро) түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда.

Долбоор алкагында Кыргызстандагы 653 айылдын, 22 шаардын жана 26 райондун борборлору ичүүчү суу жана саркынды суу тармактарын курулуп, оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо